Жалал-Абад: үч айда 8 өспүрүм сууга чөктү


Милициянын маалыматында, 15-майдан 26-июлга чейинки убакта Жалал-Абад областында 10 адам сууга байланыштуу кокустуктар боюнча каза болгон. Алардын ичинен 8 жаш өспүрүм, 2 чоң курактагылар. Мындан улам, милиция жана ӨКМдин өкүлдөрү Кара-Көл,Таш-Көмүр, Жалал-Абад шаарларында, Ала-Бука, Ноокен, Сузак райондорунда  26 бассейин, 44 атайын сууга түшүүчү жайларды алдын алуу иштерин жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, сууга түшүүчү 26 бассейиндин ичинен 4 гана бассейин мамлекеттик экотех инспекция тарабынан берилүүчү уруксат кагазын көргөзө алышкан.  
Мындан сырткары, эл көп барган сууга түшүүчү жайларга атайын жабдыктары менен камсыздалган куткаруучу кызматкерлерди коюуга жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө милдеттендирилди. Аны менен катар буга чейин ошол жерде кокустуктан адам өлүмдөрү катталган жерлерге атайын эскертүү белгилери орнотулду. 




Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо