Азия чемпионаты: 19 жаштагы балбан күмүш менен кайтты

Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн грек рим күрөшү боюнча Азия чемпионатына Ош шаарынан жалгыз спортчу катышкан. Чемпионатка эки жыл даярданган Бексултан Назарбаев күмүш медал менен кайтты.

19 жаштагы Бексултан Назарбаев биринчи беттеште кореялык  балбанды утса, жарым финалда тажикстандык балбанды 5:0 эсебинде жеңген. Финалда ирандык балбан менен күч сынашканын “Т-медиага” айтып берди.

“Ирандык атаандашым эл аралык чемпионаттарга катышып, бир канча алтын медалдарды тагыныптыр. Тажрыйбалуу болгондуктан утулуп калдым. Негизи алтын медал тагынып, Кыргызстандын желегин желбиретем деген ойдо элем. Буюрса кийинки чемпионаттарга мыкты даярдыкта барам» — , дейт Бексултан Назарбаев.

Азия чемпионатында күмүш медалды багындырган Бексултан Назарбаев Ошко бүгүн, 27-июлда кайтты. Балбанды жакындарынан сырткары, өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, менен облустук спорт комитети тосуп алган. Алар Бексултанды байгелүү кайткандыгы менен куттуктап, ийлигиктерди каалашты.

«Бексултандын күмүш медал тагынгандыгына кубанып отурабыз. Атасы катары эле эмес, макшыктыруучусу катары да сүйүнчүмдө чек жок. Анткени экинчи орунду багындыруу оңойго турбады. Алдыда Бексултандан үмүтүбүз чоң. Даярдыктарды күчөтөбүз»- , деди Эсеналы Масаков.

Грек рим күрөшү боюнча Азия чемпионатына 15 мамлекеттин балбандары катышкан. Мелдеш 17-июлда башталып, 22-июлда жыйынтыкталган.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо