Ошто сууда сүзүү боюнча мелдеш өттү

Ош шаарында 40 жашка чейинкилер арасында сууда сүзүү боюнча мелдеш өттү. Иш чара бүткүл дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулган.

Мелдешке мекеме-ишканалардан сырткары, күч түзүм, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери катышты.  Катышуучулардын жалпы саны 20дан ашат.

Сууда сүзүү боюнча жарыш эркектер менен аялдар арасында өз-өзүнчө өттү. Катышуучулар жаш курагына жараша 3 тайпага бөлүнүп жарышышты.

Жыйынтыгында, 25 жашка чейинкилер арасында ДЮСШдан Азиза Кыпчакова биринчиликти алды. Эркектер арасында «Ош Тазалык» ишканасынан Таалай Тагайбек уулу биринчи орунга жетишти.

35 жашка чейинкилер арасында аялдар катышкан жок. Бул тайпада Ош шаардык мэриясынын турак-жай куруу, жер пайдалануу департаментинен Исакжанов Таймурас биринчиликти багындырды.

40 жашка чейинкилер арасында жалгыз катышуучу чыкты. Атаандашсыз катышкан Баяз Сейитбеков 50 метр аралыкты ийгиликтүү басып өттү.

Соңунда жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана дипломдор берилди. Эске салсак, сууда сүзүү мелдешин Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитети жыл сайын уюштуруп келет.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо