Азиз Суракматов деген ким?

Азиз Суракматов деген ким?
Сырдуу Суракматов тууралуу фактылар
Билими: 1994 — Кыргыз курулуш-архитектура институтун бүтүргөн;
1996 — Жусуп Баласагын атындагы КУУну аяктаган.

Суракматов Азиз Эмилбекович 1971-жылы 22-ноябрда Чүй облусунда туулган.
Эмгек жолу: 1994-1995 — "Шоола" ААКта өндүрүш мастери;
1995-1996 — "КР Керек-жарак коому союздарынын" өндүрүш мастери;
1996-1999 — "Бишкек башкы архитектурасы" ишканасында инженер, архитектор, юрист кеңешчи;
1999-2000 — "Консалтинг-адистик фирмасы" ЖЧКсынын директору;
2000-2002 — Бишкек мэриясында бөлүм башчы, башкы адис;
2002-2008 — "Бишкек башкы архитектурасы" ишканасынынын башкы архитекторунун орун басары, ушул эле жылы, Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган.

Жетекчилик кызматта көп отурбай эле 2008-жылы Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланып анда төрагалык кызматка чейин жеткен.

КУРУЛУШ КОМПАНИЯЛАР

"СТОЛИЦА-СТРОЙ"
"САМОЛЁТ"
"ЮРИСТ РИЭЛТ СТРОЙ"

Курулуш компаниялардын ичинен негизгиси "Елизавета" бул компанияларды Азиз Суракматов башкараары маалымат каражаттарында айтылып келген. Бирок 4 компания тең Азиз Суракматовдун уулу Айдар жана эжеси Гулбара Суракматоваларга катталган.



массалык маалымат каражатынын иликтөөсү
Кыргызстандагы эң бай адамдардын катарында
Өткөн жылы "Tazabek" агенттиги чыгарган журналда Кыргызстандагы эң бай 200 үй-бүлөнүн тизмеси жарыяланып, ага Азиз Суракматов да кирген.
Aзиз Суракматовту социалдык тармактардан табуу кыйын
Азиз Суракматовду социалдык желеден таба алган жокпуз. ЖК депутаты болуп турган маалда да орчундуу маселе көтөрүп, телеге чыккан учурлары болгон эмес. Андыктан Суракматов коомчулука анчалык деле ачык эмес десек болот.
Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер болуп катталды. 31-июлда ал кыргыз тилинен тест тапшырып, талапкерлердин мамлекеттик тилди билишин аныктоо максатында түзүлгөн комиссия Азиз Суракматовду бир добуштан "кыргыз тилин билет" деген чечимин чыгарды.
Азиз Cуракматов кыргыз тил сынагынан өттү
Кыргыз тили сынагында өзүнүн Бишкек шаарын өнүктүрүү программасын 4 мүнөттө айтып берди
Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэрлик кызматына жалгыз талапкер болуп катталды. Көпчүлүк шаардык кеңештеги опозициялык фракциялар да талапкер көрсөтөт деп күткөн менен андай болгон жок. Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-августка белгиленген

Даярдаган: Акимбек уулу Маратбек

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо