Кыргызстанда энелердин өлүмү өстү (инфографика)

Быйыл Кыргызстанда төрөттөн каза болгон энелердин саны өстү.  2017-жылы 22 эненин өлүмү катталса, көрсөткүч быйыл жарым жылда 24кө жетти.

Акыркы жылдары саламаттыкты сактоо министрлиги энелердин өлүмү кыскарып жатканын билдирип келген. Быйыл болсо көрсөткүч соңку 5 жылга салыштырмалуу кескин өскөнүн кабарлоодо.

Энелердин өлүмүнүн өсүшү кан басым оорулары менен байланыштуу болуп жатат. Быйыл аялдардын көпчүлүгү мына ошол жагдайдан улам  төрөттөн көз жумган.

Мындан сырткары төрөт маалында кан кетүү учурлары да көбөйгөн. Жогорудагы эки факт энелердин өлүмүнүн өсүшүнө таасир тийгизүүдө. Муну “Т-Медиага” медициналык жардам жана дары саясатын башкаруу уюмунун башкы адиси Раиса Асылбашева билдирди.

“Кош бойлуу аялдарда кан басым оорулары көбүрөөк кездешип жатат. Быйыл эмнегедир гиникологиялык ооруларга салыштырмалуу кан басым менен кан кетүү учурлары көбөйдү. Буга албетте бир канча социалдык факторлор себеп. Биринчиден энелер медициналык кароодон өз убагында өтүшпөйт. Экинчиден төрөтканаларга кеч кайрылып калышат»- деди Раиса Асылбашева.

Саламаттыкты сактоо министрилигинин маалыматына ылайык, акыркы 10 жыл аралыгында энелер өлүмү кыскарды. Көрсөткүчтү инфогарфикадан көрүңүз.

Адистер төрөт учурундагы өлдүмдү кош бойлуу келиндердин ден соолугуна кайдыгер караганы жана айрым доктурлардын шалаакылыгы деп эсептешет.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо