Ошто эгемендүүлүк майрамы эрте белгиленет

Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгын Ош шаары быйыл өзгөчө белгилейт. Август айынын ар ишемби күндөрү майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош мэриясынан кабарлашты. 

Көз карандысыздык күнү 4-11-18-25-август күндөрү калаанын эс алуу бактарында белгиленет. Концерттик программалар Ош шаардык маданият башкармалыгы жана театр кызматкерлери тарабынан көрсөтүлөт. Андан сырткары шаардагы музыкалык мектеп жана балдардын чыгармачылык борбору атайын программаларды коюшат.

Мындан сырткары шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан  спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.

Майрамдык иш-чаралар төмөнкү эс алуу жайларында уюштурулат:

4-август – “ Алымбек Датка ”  этнографиялык борбору

11-август –  “ Ата Түрк ” сейил багы

18-август – “ И.Раззаков ” атындагы сейил багы

25-август– “ Жайкы сахна” подиумда

Башталашы: саат 18:00.

Быйыл Кыргызстан эгемендүүлүктүн 27 жылдыгын белгилейт. Көз карандысыздык күнүнө карата өлкөнүн бардык аймактарында майрамдык иш-чаралар уюштурулат.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо