Ошто таза суу токтоду - Т-медиа

Ошто таза суу токтоду

Ош шаарынын айрым аймактарына ичүүчү суу берүү убактылуу токтоду. Буга Юго-восток кичи районунда диаметри 1000 мм болгон суу түтүгү жарылып кеткени себеп. Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары Талантбек Байкишиев билдирди. Ал белгилегендей, 1-августка караган түндөн бери оңдоо иштери жүрүп жатат. Кыска убакыттын аралыгында таза суу кайра берилет.

Маалыматка ылайык, таза суу Манас-Ата, Курманжан Датка аймактык кеңештери менен Достук, Калинин массивдеринде таза үзгүлтүккө учураган жок. Шаардын калган аймактарында таза суу токтотулган.

Кошумчалай кетсек, Ош шаардык суу чарба башкармалыгы эскертүүсүз өчүрүүгө байланыштуу таза суу жеткирүүнү уюштурган. Сууга муктаждар төмөнкү номерлерге байланышса болот.
105, 8-11-15, 8-11-51.

Ош шаарында таза суу план боюнча жылына эки ирет өчүрүлөт. Оңдоп-түзөө жаз жана күз айларында жүрөт.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо