Бишкек мэрин шайлоонун тартибине каршылар чыкты

«Биздин укук» коомдук фонду премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге, Борбордук жана шаардык шайлоо комиссиясына кайрылды. Кайрылуунун себеби Бишкек мэрин шайлоону жокко чыгаруу өтүнүчү болду.

Фонддун жетекчиси Калича Умуралиеванын айтымында, мэр атаандаштыктын негизинде шайлануусу керек.

— Учурда өтүп жаткан шайлоо мыйзамга ылайык келбейт. Анткени бул жерде бир гана талапкер болуп жатат. Бул шайлоо эмес, дайындоо болуп жатат. Ошондуктан бул шайлоону жокко чыгарып, жаңы шайлоо күнү дайындалышы керек.

Ошондой эле Умуралиева мэрликке курулуш тармагында алектенген адамдын келиши туура эмес деп эсептейт.

Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматов баш калаанын борбордук бөлүгүнө көп кабаттуу имараттарды, коммерциялык объектилерди куруу менен алектенеген “Елизавета” курулуш компаниясына тиешеси бар экенин 31-июлда кыргыз тилинен сынак тапшырып чыккан соң журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирген.

Белгилей кетсек, Суракматов жалгыз талапкер болууда. Мэрди шайлоо 8-августка белгиленген.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо