Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин мүлктөрү камакка алынды


Эсиңиздерде болсо, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев коррупцияга айыпталып камакка алынган эле. Анын жана  жакындарынын мүлктөрү камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат билдирди.

 Камакка алынган мүлктөрдүн тизмесинде 7 автоунаа, турак-жай, көп батирлүү үй, адам жашоого ылайыкташпаган 4 имарат, дүкөн жана жер тилкеси, ошондой эле үч коомдук фонддогу жана бир нече ишканадагы үлүштөр бар.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда камакка алынган. Ал Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) айланасындагы жаңжалга байланыштуу айыпталууда. Тергөөнү УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы жүргүзүп жатат.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо