Ленин чокусунда туристтик фестиваль өттү (видео)


Аталышы Манас деп өзгөртүлгөн Ленин чокусуна быйыл 90 жыл. Мааракеге карата Чоң-Алайда туристтик фестиваль уюштурулду.     

Туристтик сезонго карата уюштурулган фестивалга 100гө жакын чет элдик келген. Алар Орусия, Шведцария, Франция, Германия жана Кытай эл республикасынын жарандары.

Фестиваль Манас чокусунун алдына өттү. Бийиктиги деңиз деңгээлинен 3340 метрди түзөт.

90 жылдык мааракеге арналган фестиваль эл аралык деңгээлде уюштурулган. Боз үйлөр тигилип, улуттук буюмдардын көргөзмөсү менен катар «Шайыр апалардан» концерттик программа тартууланды.

Туристтик фестиваль Манас чокусунун алдында жыл сайын өткөрүлүп келет. Быйыл жылдагыдан айырмаланып «Кыргыз көчү» тартууланды. Жөө жүрүш көчмөн кыргыз элинин жашоосун чагылдырат.

Иш чараны Чоң-Алай райондук администрация менен Кашка-Суу айыл өкмөтү биргеликте уюштурган. Максаты Манас чокусун даңазалап, туристтерди тартуу.

Манас чокусуна келген туристтердин саны жыл сайын көбөйүүдө. Жылына 300-350 чет элдик келип кетет. Түшкөн акча 2008-жылдары 78 миң сом болсо, бүгүнкү күндө 300 миң сомдун тегерегин түзөт. Ал каражатка Манас чокуга барчу жол акырындык менен калыбына келтирилүүдө.

Ленин чокусунун аталышы Манас деп быйыл өзгөртүлдү. Чечимди Кашка-Суу айылдык кеңеши жактырып, өкмөт токтом чыгарып берген.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо