Өзгөндө 13 жашар бала сууга чөктү. Издөө иштери уланууда

Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычында 13 жашар бала чөгүп кетти. Кырсык кечээ, 5-августта катталган. Азырынча баланын денеси табыла элек. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

2005-жылы туулган Б. Д. аттуу баланы издөө иштери бүгүн да улантылат. Издөө иштерине ӨКМнин №53 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулар тартылмакчы.

Эске салсак, Өзгөн районунда сууга чөгүү боюнча акыркы учур 30-июлда катталган. Көлдүк айылынын Абдырайым-Бий көчөсүндөгү каналда 2014-жылы туулган бала сууга чөгүп кеткен.

Кыргызстанда жыл башынан бери 70 адам адам сууга чөккөн. Анын 20сын өспүрүмдөр түзөт. Расмий маалымат боюнча, былтыр өлкө аймагында 105 адам сууга чөгүп кеткен.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо