Таластагы өрттү өчүрүүгө Казакстан жардамчы күч жөнөттү

Таластагы Алмалуу жайлоосундагы өрттү өчүрүүгө Казакстандан 150дөй адис жана бир тик учак тартылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 

ӨКМ билдиргендей, Казакстан менен чектеш жерде чыккан өрттү өчүрүүгө Кыргызстандан 500 киши катышып жатат. Өрткө каршы кызматтарынан сырткары, милициянын, токой чарбасынын, техникалык лицейдин кызматкерлери, жергиликтүү тургундар тартылган.

Өрт чыккан жер Манас районуна карайт. Тилсиз жоо 28-июлда башталып, аймакка 1-августтан тарта чукул кырдаал режими киргизилген. Учурда Кыргызстандын аймагында 1000 гектар жердин күйүп жатат. Азырынча кырсыктын себеби анык эмес.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо