Активисттер Азиз Суракматовго каршы сотко кайрылышты

Активисттер Азиз Суракматов кыргыз тилин жакшы билбейт деген негизде сотко кайрылышты. Арызда мамлекеттик тил сынагынын жыйынтыгы мыйзамсыз чыгарылган деп жазылган. 

Бүгүн Бишкек шаардык кеңеши мэрлик кызматка Азиз Суракматовду шайлады. Анын борбор калаа мэрлигине келишине  нааразы болгон тарап мэрия алдында митингге чыгышкан. Талаптары аткарылбаган соң нааразы тарап 1-май райондук сотуна арыз менен кайрылышты.

Демилгечи журналист Канышай Мамыркулова болууда.  Демилгечи өз арызында тил комиссиясы өз ишин жакшы аткарбаганын жазган. Мындан сырткары «Кыргыз тест» БШК жана Кыргыз өкмөтүн да арызга кошуп, сот жоопкер тараптарга укуктук баа бериши керектигин талап кылышууда.

Эске салсак, Азиз Суракматов 31-июлда мамлекеттик тил сынагын тапшырган. Мамлекеттик тил комиссиясы Азиз Суракматовду  «кыргыз тилин билет” деген чечимин чыгарган. Сынак учурундагы видео коомчулукка тарап, ал кызуу талкуу жараткан болчу.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо