Азиз Суракматов Бишкек мэри болуп шайланды

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары калаа башчылыгына Азиз Суракматовдун талапкерлигин колдоду. 8-август күнкү шайлоодо добуш берген 44 эл өкүлүнүн 43ү «макул», бирөө «каршы» болду.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Суракматовдун программасын укпай эле добуш беришти. Муну Кыргызстандын социал демократиялык партиясы (КСДП) фракциясы сунуштап, көпчүлүк колдоду. Алар Суракматов мурда өз пландарын бардык фракцияларга айтып бергенин буга негиз кылышты.

Шайлоо жүрүп жатканда мэриянын алдына ондогон жарандык активисттер чогулуп, мэр шайлоо жараянына каршы нааразылык билдиришти. Алар калаа башчылыгына шаардык кеңештеги Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын (КСДП) фракциясы гана талапкер көрсөткөнүн сындашты. Колдоруна шаардык кеңештин депутаттарына нааразылык билдирген жазууларды көтөрүп, алардын тарашын талап кылышты.

Шаардык кеңеште беш фракция бар — КСДП, «Өнүгүү-Прогресс», «Республика — Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Мекеним Кыргызстан». Депутаттардын саны — 45.

Мэрликке 47 жаштагы Азиз Суракматов жалгыз талапкер болуп катталган. Аны Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция сунуштаган. Коалицияга кирбеген “Республика – Ата Журт” талапкер чыгарган эмес. Атаандашсыз мэр шайлоо жараяны коомчулукта нааразы пикирлерди жаратып, «Биздин укук» коомдук уюму Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, шайлоону токтотууну сураган. Бирок ал колдоо тапкан эмес.

Талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында түзүлгөн комиссия Суракматовду бир добуштан «кыргыз тилин билет”деген чечим чыгарган. Бирок анын дилбаянында кетирген каталары социалдык тармакка тарап, шакабага айланды.

Азиз Суракматов — көпчүлүкө ишкер катары белгилүү. Бишкек шаардык кеңешинде, парламентте депутат болгон. Мэрияда жана башка мекемелерде иштеген.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо