Ошто электрондук патент бериле баштады

Ош менен Бишкек шаарларында электрондук патент бериле баштады. Жаңы система салык төлөөчүлөрдүн патент алууга убакыт коротуусун кыскартууга багытталган.

Электрондук форматта патент төлөмү мурдагыдай эле банк аркылуу жүргүзүлөт. Патент кагазын салык кызматынан эмес, интернет аркылуу алганга болот.

Жаңы форматтагы патент милдеттүү эмес. Салык төлөөчүлөр патенттерди ыктыярына жараша мурдагыдай кагаз түрүндө же электрондук форматта ала алышат.

Электрондук форматка өтүү үч баскычтан турат:

  1. Салык төлөөчүгө логин менен пароль катталган аймагындагы салык кызматынан берилет
  2. Кодду иштеген жериндеги салык кызматынан алат
  3. Код, логин, пароль менен банкка катталат

Өкмөттөн маалымдашкандай, Ош менен Бишкекте электрондук патент 1-августтан бери берилүүдө. Өлкөнүн калган аймактары электрондук форматка 1-октябрдан баштап өтөт.

Эске салсак, быйыл июлда мамлекеттик салык кызматы Ош жана Бишкек шаарларында ыктыярдуу жана милдеттүү патенттерди электрондук форматта берүү долбоорун сыноодон өткөрүшкөн.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо