Армиядагы окуя териштирилет

Аскерлердин кара жумушка тартылышы боюнча күнөөлүүлөр жоопко тартылат. Окуяны териштирүү коопсуздук кеңешине тапшырылды.

Окуяны иликтеп чыгууну президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевге милдеттендирди. Ага ылайык, 73809 аскердик бөлүктөгү жоокерлерди жалданма жумушка тарткандар жоопкерчиликке тартылмакчы.

Буга чейин Кой-Таш аскер бөлүгүндөгү  жазгы чакырылыштагы жоокерлер жалданма жумушка тартылып,  уставга жат иштерге барганы ЖМКларда жарыяланган. Аскерлердин ата-энелери балдары ур-токмокко кабылып, басмырланганын билдирген эле.

Окуя боюнча «Кылым шамы» укук коргоо уюму президентке кайрылып, жоокерлердин абалына көңүл бурууга чакырган.

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо