Ошто жер титиреди

Ош облусунда бүгүн таңкы саат 07:01де жер титиреди. Силкинүүнүн күчү очогунда 3 баллга жеткенин өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.   

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Алай районунун Сары-Таш айылында 3 баллга, Ак-Босого, Кара-Киндик айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эске салсак, акыркы жолу Ош облусунда 9-августта жер титирген. Кытайда катталган жер силкинүү Алай районунун Нура айылында 2,5 баллга сезилген болчу.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо