Оштогу суу кампа жараксыз эмеспи? Түшүндүрмө



Алты миң кубдук суу кампа миссиясын күтүлгөндөй аткара албады. Резервуар Ош шаарынын калкын толук эмес, 20%ын гана таза суу менен камсыздоодо. 

Муну «Т-Медиага» Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын башкы инженери Ормош Осмонов билдирди. Ал маалымдагандай, суу кампа сапатсыз курулган эмес. Пайдаланууга берилген күндөн тарта эле иштеп келе жатат.

Деген менен суу ылайкаланганда резервуар шаарды толук камсыздай албайт. Себебин башкы инженер мындайча түшүндүрдү.

Социалдык тармактарда 6  миң кубдук суу кампа иштебейт деген маалыматтар тарап жатат. Ош мэриясы резервуар текшерилерин 15-августта маалымдады.

Эске салсак, Ош шаарындагы 6000 кубдук суу кампа 2016-жылы пайдаланууга берилген. Ишке киргизүү учурунда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев резервуар Ош калкын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздайт деген болчу.

 

 



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо