Жээнбеков: Кыргызстан мамлекеттик чек араларын толук тактайт


Кыргызстан коңшу өлкөлөр менен мамилени жакшыртып, такталбаган чек араларын толук аныктайт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Араванда «Жаңы-Жер» чек ара тозотунун ачылышында айтты.

Өлкө башчы белгилегендей, азыр Кыргызстан Тажикстан менен эки жыл мурун токтоп калган делимитация жана демаркациялоо иштерин жандантып, дипломатиялык сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал эми Өзбекстан менен талаш чек аралар эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы тарабынан аныкталып жатат.

«Акыркы учурда чек ара боюнча көп маселелер чечилди. Казакстан менен чечилди. Айрыкча Өзбекстан менен мамлекеттик чек аранын 85%ы чечилди. Калган 15%ы боюнча өкмөттөр аралык комиссия иштеп жатат. Биз ар дайым коңушулар менен ынтымакта жашаганга аракет кылабыз «,-деди Сооронбай Жээнбеков.

Эске салсак, былтыр Кыргызстан Өзбекстан ортосундагы 1378 чакырым чектеш аймактын 1170 чакырымы такталган. Жыл аягына чейин калганы аныкталып бүтөрү айтылган, бирок делимитация жана демаркация иштери уланып келүүдө.

Ал эми Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдан ашат. Анын 55 пайызга жакыны тактала элек.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо