Жээнбеков: ЖОЖдор пайда табуунун айласына өттү

Кайсыл жерде билим, илим өнүксө, ал жер илим-билимдин борбору деп эсептелет. Тилекке каршы, өлкө ЖОЖдору билим сапатына эмес, көбүрөөк коммерциялык пайданы көздөөдө. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Ош МУнун искусство факультетинин ачылуу аземинде билдирди. 

«Азыр көпчүлүк жогорку окуу жайлар коммерциялык пайда табуунун артынан кетип жатат. Бул көп деле пайда бербейт. Ошого карабастан биздин руханий дүйнөбүздү байыткан, өнөр кесибин үйрөткөн имарат курулганы жакшы көрүнүш»,- деди Сооронбай Жээнбеков.

Кошумчалай кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков Ош, Жалал-Абад облустарында иш сапары менен жүрөт. Жумушчу сапардын экинчи күнүндө Ош МУнун искусство факультетинен сырткары,  Араван районундагы чек ара тозотунун ачылышына катышат.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо