Чыры бүтпөгөн Атамбаевдин үйлөрү (фото)

Ошто курулушу бүтпөгөн 12 кабаттуу үй пайдаланууга берилип кеткен. Жарым-жартылай калган курулуштун ээси Оштогу белгилүү ишкер Жалил Атамбаев экени айтылып жатат.

Азыр сөз болуп жаткан үйдө 40тан ашык үй-бүлө жашайт. Жашоочулардын алды 2016-жылы көчүп киришкен. Үйдү салган компания чала калган курулушту 2017-жылга чейин толук бүтүрүп бермек болгон. Келишим аткарылбай, батир ээлери эки жылдан бери сырты бүткөрүлбөгөн үйдө жашап келишүүдө.

Үйдүн сырты бүткөрүлбөгөндөн тышкары, лифт, жылуулук жана газ бериле элек. Жашоочулар 12чи кабатка чейин жөө чыгып түшүүгө аргасыз. Бул боюнча курулуш ээлерине айтышса, бүткөрөбүз дегенден башка жооп жок.

Көгүлтүр от менен жылуулук берилбегени да курч маселе. Өткөн кышта үй жылуулукка туташпаганына байланыштуу суулар тоңуп, ажатканалар иштебей калган. Эми кыш жакындап, жашоочулар чочулап турушат.

«Эки жылдан бери жашап жатам. Өткөн кышта эптеп-септеп кыштан чыктык. Мына быйыл август болду эч нерсе өзгөрө элек. Жер төлөөнүн абалы начар, кабелдер жерде чубалып жатат. Суу түтүктөрү жарылып, подвалда суу агып жатат»,- дейт жашоочу Светлана Бостонова.

Көйгөй муну менен эле чектелбейт. Жер төлөөдөгү суу түтүктөрү жарылып, электр зымдарына чейин жеткен. Ал жерде жаш балдар ойношот, алардын коопсуздугу каралган эмес дейт жашоочулар.

«Жер төлөөнүн дарбазасы жок болгондуктан жаш балдар кирип ойношот, билип билбей зымга чубалып же ачык зым токту кармап алса бул нерсеге ким жооп берет? Балдардын коопсуздугу эч бир жерде каралган эмес. Балдардын ойноочу аянтчасында жакшы шарттар түзүлгөн эмес. Аянтчага кум төшөлгөн эмес, селкинчектин жыгачтары сынып, темирдин өзү эле калган»,- деп билдирди жашоочу Айлира Абдижалилова.

Имаратты “ППА” курулуш фирмасы бүтүргөн. Жетекчиси Жамалидин Абраманов күнөөнү жашоочулардын өздөрүнө оодарат.

«Тыйындан кыйналып жатабыз. Жашоочулардын карызы көп бербей жатышат. Чалсаң телефон албайт. 5миң доллар берип эле ремонтту кылып кирип алышкан. Үйдү бошот десең, ремонтко 20 миң доллар, 25миң доллар кетирдим дейт, бизге кыйын болуп жатат»,- деди Жамалидин Абраманов

Эскерте кетсек, сөз болуп жаткан 12 кабаттуу үй Курманжан Датка (Юго-Восток) кичи шаарчасындагы эс алуу багынын ордуна курулган. 2014-жылы башталган курулушка жергиликтүү жашоочулар бир нече жолу каршылыктарын билдирип чыгышкан эле.

Жаңыланган эски жатакана

Черемушки кичи районунда жайгашкан 180 батирлүү үй Жалил Атамбаевге таандык деп айтылат. 10 кабаттуу үй №128 үй-бүлөлүк жатакананын ордуна курулган.

Ал үйдүн курулушунда маселе чыккан эмес. Эски жатаканада жашаган 43 үй-бүлө батир алып, алардын 21и батирлердин кошумча акчасын төлөй албай көйгөй жаралган.

Эске салсак, жогорудагы көп кабаттуу үйлөргө ээлик кылат делген Жалил Атамбаев Ошто эң бай кишилердин бири экени айтылып жүрөт.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо