Сахалинде каза тапкан кыргызстандыктардын тек-жайы аныкталды (видео)


Орусиянын Сахалин облусунун Поронайcк шаарында чатыры урап түшкөн имараттын алдында калган эки кыргызстандык жарандардын тек-жайы аныкталды. Бул тууралуу “Т-Медиага” Сахалиндеги кыргыз диаспорасынын башчысы Эшим Төлбаев билдирди.

Анын айтымында, каза болгон жарандар 22-23 жаштагы Өзгөн районунун тургундары болуп чыккан.  Алардын сөөгү 20-августта гана казып чыгарылды.Учурда маркумдардын туугандарына кабар берилди.

Каза болгон жарандардын сөөгү 21-августта соттук экспертизадан өткөрүлдү. Андан соң Кыргызстанга жөнөтүлмөкчү. Учурда алардын сөөгүн жөнөтүү боюнча кыргыз диаспорасы каражат чогултуп жатат.

Буга чейин 19-августта Поронайcк шаарында мурдагы кагаз чыгарган заводдун чатыры түшүп кетип, бир киши каза болгон. Каза болгон адам тажикстандык экени аныкталды.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо