Өзгөн базары кайрадан иретсиз абалга түштү (фото)

Өзгөн шаарынын борбордук базары баш аламан болуп кетти. Өрт коопсуздугу үчүн калтырылган жолго  соода күркөлөр кайрадан чыгып алган.

Азыр өрт коопсуздугу үчүн калтырылган жолдо 40га жакын  күркөлөр соода жүргүзүүдө. Анын 20сы былтыр тилсиз жоодо өрт техникаларын бөгөп калган жерде жайгашкан. Бул боюнча Өзгөн мэриясынын кабары бар.

Өзгөн шаарынын мэри Рахман Атажанов «Т-Медиага» билдиргендей, базарды иретке келтирүү кыйынга туруп жатат. Базар жеке менчикте болгонуна байланыштуу түзмө-түз кийлигишүүгө мүмкүнчүлүк жок.

«Борбордук базар 17 адамдын менчигинен турат. Өрт коопсуздугуна калтырылган жолдо соода кылбагыла дегенибиз менен базар жетекчилери чечет экен. Текшерип барганыбызда тазаланып калат. Кетерибиз менен эле кайрадан соода күркөлөрүн жайып алышат»,- деди Өзгөн шаарынын мэри. 

Атажанов кошумчалагандай, азыр өрт коопсуздугуна калтырылган жолдо жеңил сооода күркөлөр турат. Эгер тилсиз жоо чыга турган болсо, 5 мүнөткө калбай жыйноо мүмкүнчүлүгү бар.

«Мурда контейнерлерде соода жүрсө, азыр жеңил соода күркөлөр иштеп жатат. Сатуучулар кеч соодасын жыйнап, контейнерлерге киргизип коюшат. Таңга чейин өрт коопсуздугуна калтырылган жол ачык турат. Эгер өрт соода учурунда катталса, тез арада жыйнай калышат. Муну биз эки жолу рейд өткөрүп сынап көрдүк», — деди Өзгөн шаарынын мэри. 

Алдыда Өзгөндүн борбордук базары толук иретке келтирилет. Ал багытта мыйзамсыз сатуучулар шаар сыртында ачылган «Дордой» базарына чыгарылат. Андан сырткары өз билемдик менен соода кылгандарга айып пул салынмакчы. Азыр бул багытта мэрия салык кызматы менен иш пландарды иштөөдө.

Өзгөн шаарынын борбордук базары 4 гектарды ээлейт.  Борбордук базардан калаа казынасына айына 8 миллион сомго чейин акча түшөт.

Эске салсак, былтыр 29-июлда Өзгөн шаарынын борбордук базары өрттөнгөн. Тилсиз жоо 226 соода контейнерин зыянга учураткан.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо