Ошто ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталат - Т-медиа

Ошто ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталат

Ош шаарында ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталат. 150 батирлүү эки көп кабаттуу үйдүн жер маселеси үч күндүн ичинде такталмакчы.

Курулуш түшчү жерди үч күндө чечүүнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тапшырды. Милдеттеме вице-мэрлер, курулуш тармагын жана экономикалык багытты тейлеген муниципалдык кызматтардын жетекчилерине жүктөлдү.

Ипотекалык багыттагы эки көп кабатуу үйдүн курулушу жер тактала электигине байланыштуу токтоп турат. Он кабаттан турган үйлөр быйыл Тилекке Баатыр  жана Райымбеков көчөлөрүнө түшөөрү айтылган эле.

Үйлөрдүн курулушу былтыр берилип бүткөн ипотекалык батирлердин алгачкы төлөмдөрүнөн түшкөн акчанын эсебинен каржыланат. 150 батирлүү эки көп кабаттуу үй бүткөрүлсө, Ош шаарынын бардык тургундарына батир алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бул ирет басым бюджеттик кызматкерлерге гана эмес, төлөөгө шарты бар үйгө муктаждарга да жасалмакчы.  Ипотеканын шарттары мурдагыдай эле  6 пайыздык үстөк менен 12 жылга берилээри айтылган.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо