Ноокатта депутат менен жер адиси пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

Ноокат районунун Он эки-Бел айыл өкмөтүнүн жер адиси жана жергиликтүү кеңеш депутаты коррупцияга шектелип кармалды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы жер адиси менен депутатты кызматтык бөлмөсүнөн пара алып жаткан жеринен колго түшүргөн. 

Маалыматка ылайык, финансы полициянын Араван жана Ноокат райондору боюнча бөлүмүнө жергиликтүү тургундан арыз түшкөн. Арызда айылдык кеңеш депутаты менен жер адиси 50 миң сом талап кылып жаткандыгы жазылган.

Коррупцияга шектелгендер 17-августта 50 миң сом алып жаткан жеринен колго түшкөн. 19-август күнү Ош шаарындагы тергөө абагына иликтөөнүн соңуна чейин камалган. Азыр иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Финансы полициянын ыкчам тасмасы:

Жогорудагы факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 225-беренеси (Кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу) жана 166-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо