Эвакуатор: Четке сүрүлгөн токтом

Эвакуатор: Четке сүрүлгөн токтом
Ош шаардык ЖККК начальниги мыйзам бузулганын билет, бирок көрмөксөн...
Ош шаарында эвакуатор автоунааны айдоочусу менен кошо жүктөп кеткен. Мыйзам боюнча кожоюну келсе, транспортту эвакуациялоого тыюу салынат. Окуяга күбө болгон активист бул боюнча сотко кайрылганы жатса, калаанын башка тургундары "жолду тазалоодо" эч бир норма сакталбай, өз билемдик орун алганын айтууда. Сегиз ай мурун башталган эвакуациялоо кызматы кандай иштеп жатат? Т-Медианын иликтөөсүндө.

Түштүк калаада эвакуация белгиси коюлган 16 жай бар. Шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын статистикасына ишенсек, февраль айынан бери күн сайын туура эмес токтолган 4-5 автоунааны айып аянтчага жүктөп кетишет. Азырынча бул сандардын чындыкка дал келиши, деги эле эвакуация бизнесинин ачык-айкындуулугу боюнча кеп козголо элек. А бирок алардын ишмердүүлүгүн жөндөгөн өкмөт токтомундагы эч бир талап сакталбай жатканы башка кеп. Биз маселени ушул өңүтүн изилдедик.




2018-жыл июль айы. Ош шаары Курманжан Датка көчөсүндө "Toyota Estima" үлгүсүндөгү унааны эвакуатор айдоочусу менен кошо жүктөп бара жатат. Окуяны журналист Хулькар Исамова видеого тартып калган. Ал мыйзам талаптарын эске салып, эвакуацияны токтотууга аракет кылган. Бирок ЖККК кызматкерлери да, жүктөгүчтөр да Исамованын айткандарына көңүл бурган эмес. Журналист мындай жооптуу ишти эч бир шарты жок жеке компанияга кантип ишенип тапшырышкан деп суроо салат.

"Айып аянтчасы жабдылган эмес. Шарты жок. Эч бир машинага мөөр басылбаган. Ушундай абалда кантип жеке автоунааңды ишенип калтырасың", - дейт Хулькар Исамова.
Эвакуатор автоунааны айдоочу менен кошо жүктөп баратат
Журналист Хулькар Исамова тарткан видео
Автоунааны айдоочусу менен жүктөп кеткенге болбойт.
Эвакуациялоодо дагы кандай эрежелер бар?
Эвакуациялоо өкмөттүн 2017-жылдын апрель айында чыккан 202-токтому менен жөндөлөт.
1
Өкмөттүн №202 токтомуна ылайык жол коопсуздугун камсыздоо кызматкеринин коштоосунда гана эвакуатор кызматы автоунааны жүктөй алат.
2
Эвакуатор кызматынын баасы 1350 сомдон ашпашы керек.
3
Автоунааны жүктөп жаткан учурда анын эшигине, багажына, капот жана бенизин куючу бактын капкагына мөөр басып туруп, андан кийин гана жүктөө керек.
4
Эгер автоунааны жүктөп жаткан учурда ээси келип калса, жол коопсуздугун камсыздоо кызматкери протокол толтуруп, туура эмес жерге токтогондугу үчүн 1000 сом айып пул салат. Айдоочу айып пулду төлөп, унаасын алып калганга укуктуу. Бул учурда эвакуатордун кызматына төлөбөшү керек. Автоунаада жүргүнчү бар болсо, мажбурлап эвакуациялоого тыюу салынат.
5
Автоунаасын жүктөп кеткенден кийин 3 сааттын ичинде айдоочу токтоочу жайга жетип барса, 100 сом өлчөмүндөгү парковкага акча төлөбөшү керек.
6
Эгер жүктөлүп жатканда автоунааны чийип, кайсы бир бөлүгүнө зыян келтирилген болсо эвакуация жүргүзүп жаткан фирма тарабынан төлөнүп берилет.
Кыска жана түшүнүктүү.
Өкмөттүн эвакуациялоо боюнча токтомун графикадан да көрсөңүз болот.
Шаар көчөлөрүндөгү баш аламандыкты жөнгө салуу үчүн Өкмөт Бишкек жана Ош шаарларында эвакуация кызматын киргизүү боюнча эки жолу тендер жарыялаган. Экөөндө тең "Портал Групп" ЖЧКсы жалгыз катышкандыктан, акырында бул компания менен түз келишим түзүлгөн. Машинелерди эвакуациялоо Бишкекте өткөн жылдын декабрь айында, Ошто ушул жылдын февраль айынан баштап иштей баштаган.

Ош шаарында эвакуация тууралуу кошумча белгилер 18 жайга коюлган: Ленин жана Навои, Ленин-Айтиев, Курманжан Датка-Сулайманов, Осмонов-Айтиев көчөлөрүнүн кесилиштери, Навои көчөсүндө "Пекин" мейманкасынын жаны, Масалиев көчөсүндө (Монуев менен Навонин ортосунда), Баялинов көчөсүндө ("Ош нуру" мейманканасынын жаны") жана Монуев көчөсүндө облустук оорукананын жаны.
Эваукациялоочулар эч бир автоунаага мөөр баспай турганына күбө болдук. Токтомго ылайык, эшигине, капот жана багына белги коюлушу керек эле.
Биз Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө унааларды жүктөп жаткан жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерден эмне үчүн мөөр баспай жатышканын сурадык. Ал "силер адашып калыпсыңар, андай эреже жок" деп унааларды жүктөп кетти. Артынан атайын адистештирилген токтоочу жайга бардык. Биз кайра эле мөөрдү эмнеге баспаганын сураганыбызда, ал кызматкер мөөр басылбайт деп кесе жооп берди.
"Мөөр басылбайт! Ким айтты?"
Мөөр басылышы керектиги боюнча токтомдон үзүндү келтиребиз
ЖКК кызматкери жооп бербей кирип кеткен соң, "Портал Групп" фирмасынын кызматкери чыгып, бизге орой мамиле кылууга өттү. Андан ары күч колдонуп сыртка чыгарып жиберди. Ушул жерден суроо туулат. Жеке менчик аймактын ээси четте калып эле "Портал групп" фирмасынын бул жайга ээлик кылууга укугу барбы?
Андан ары биз "Портер" үлгүсүндөгү унаанын ээсин кепке тарттык. Айдоочу Муктасар Курбановдун айтымында, эвакуация кызматы жүктөп жаткан учурда өзү келип калган. Бирок ЖКК кызматкери ага унааны түшүрүп бербей, атайын унаа токтоочу жайга жүктөп келе берген.

"Мен автоунаамы жүктөп жатканда келип калдым. Түшүрүп бериңиздер айып пул төлөймүн десем, автотоктомого бар, унааңды ошол жактан аласың дешти. Мен келсем машинемди айып төлөөчү жайга алып келе элек экен. Азыр кирип 2500 сом төлөп чыктым. Мындан сырткары менден 100 сом парковканын акысына алышты. Колумда квитанциялар бар.Анан унаамды жүктөп келатканда чийип коюшуптур. Бирок аны моюнга албай коюшту", - дейт Курбанов.

Муктасар Курбанов, Баткен облсунун тургуну
Курбанов жетип келгенден кийин токтотуу жайга киргизилип жаткан унаасы
Муктасар Курбанов чыгымдарды, айып пулду толугу менен төлөгөн. Ал алдыңкы 3 саатта парковка үчүн төлөнбөйт деген 100 сомду да төлөөгө мажбур болгонун айтат. Мындан сырткары, унаасы жүктөп келатканда чийилген. Ал эвакуатор кызматынан келтирилген зыянды төлөп берүүнү талап кылды, бирок "бул боюнча атайын комиссия түзүү керек, ал бир нече күндөн кийин корутунду чыгарат" деген жооп алган.

Биз атайын адистешкен автотоктомонун жанында 1 саатка жакын турдук. Бул убакыт ичинде кызматкерлер 10го жакын унаа жүктөп келишти. Унаа ээлери дароо артынан эле келип жатышты. Автотоктомо жайдын кожоюну 3 саат ичинде төлөнбөйт деген өкмөттүн токтомун аткарбай, ар бир унаадан 100 сомдон алып жатканын биз бир нече айдоочудан сурап билдик.
"Келечек" базарына кирүү үчүн орун таппай, акыры жол жээгине койгом. Мен негизи билип жүргөм. Унаамды жүктөп кетип калбайт бекен деп. Макул айып пул салсын. Азыр артынан дароо келсем, айып короонун абалы таштанды полигонуна окшош экен. Мамлекет акча табуунун айласын таппай, "асмандан" издей баштады.
Сонунбү Орозбекова
Ош шаарынын тургуну
Менин таанышымдын унаасын жүктөп келишиптир. Ал мени машинең менен барып келели деп, келип калдык. Азыр ал унаанын айып чыгымдарып толук төлөп чыкты. Келгенибизге жарым саат боло элек. Айып короосунунун акысы болгон 100 сомду да төлөдү.
Абдразак Матаев
пенсионер
"Араванский" кичи районундагы гүл базардын жанына коюп, 5 мүнөттөн кийин эле кайра чыккам. Азыр артынан эле келип, 2500 сом чыгымды толук төлөдүк. Андан сырткары 100 сом айып короонун акысын да төлөдүм. Колумда квитанциялар бар.
Канымгүл Камбаралиева
билим берүү кызматкери
Ээси келсе, бээсин бербеген учурлар
Ош шаардык ЖКККсы менен "Портал Групп" эвакуаторлору дагы башка мыйзам бузууларга жол беришкен. Токтом боюнча унаа жүктөлүп жатканда кожоюну келсе, эвакуациялоо токтотулуп, жаран айып пулду гана жеринде төлөй алат. Бирок жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөр кандай болбосун машинаны жүктөп кете берет. Биздин редакция жөнөтүлгөн бир нече видеолор буга далил.
ЖККК ЭМНЕ ДЕЙТ?
Ош шаардык жол коопсуздугун камсыздоо бөлүгүнүн жетекчилиги эвакуатор кызматынын мыйзамсыз аракеттеринен кабардар экенин айтты. Мекеменин начальниги Шайырбек Шакиров өкмөттүн 2017-жылдагы №202 токтому толугу менен аткарылбай жатканын моюнга алат. Бирок бул боюнча бир да жолу чара көрүлгөн эмес. Жетекчи муну жарандардан арыз келген эмес деп түшүндүрүүгө аракет кылды.

"Туура эмес жол жээгине коюп, эвакуатор жүктөп жаткан учурда ээси келип калса, аны кайтып бериши керек. Жүктөгөндөн кийин да түшүрүп бериши керек. Билебиз жүктөп алгандан кийин биздин кызматкерлер кайра ээсине бербей койгон фактылар да болгон. Эгер сиздерде мыйзам бузган фактылар, видеолор болсо бериңиздер. Чара көрөбүз. Биздин кызматкерлер эвакуация токтомун бузуп жатканын билем. Бирок бир да жолу алардын үстүнөн арыз түшкөн жок", - дейт Шакиров.
Кубаныч Барыктабасов: Мыйзам бузууларга биз эмес, ЖККК себепкер
"Портал Групп" ЖЧКсынын жетекчиси Кубаныч Барыктабасов болсо мыйзам бузуулар үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөр жоопту экенин айтат

"Биз өз алдынча машина жүктөй албайбыз. Жол коопсуздугун камсыздоо кызматкери жүктө десе жүктөйбүз, түшүр десе түшүрөбүз. Биз жарандык жумушчубуз, ал ЖККК кызматкери өкмөттүн ишин кылып жатат. Мөөрдү да алар чапташ керек. №202 токтомдо баары жазылуу турат", - дейт ал.


Биздеги материалдар прокуратурага тапшырылат
Ош шаардык жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын берген маалыматы боюнча эвакуация кызматы ишке киргенден бери 1114 автоунаа айып короосуна киргизилген жана алардын ар биринен 1050 сом өлчөмүндө айып пул алынган. Ошол эле кезде ушунча сандагы автоунаанын ар биринен 1350 сом эвакуатор кызматынын эсебине түшкөн десек болот.

Т-Медиа интернет каналы эвакуация кызматкерлеринин жана жол коопсуздук кызматкерлери тарабынан унааларды жүктөп жаткан учурдагы мыйзам бузулган видео фактыларды шаардык прокуратурага өткөрүп берет. Бул боюнча тиешелүү тараптарга карата кандай чаралар көрүлөрүн биз көзөмөлдөп турмакчыбыз.
Материалды даярдагандар:
Арген Нуров
Алмира Абидинова
Айкөл Олжобай уулу
Бактыяр Асилбек уулу

Т-Медиа интернет каналы

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо