Ошто эң начар деген он мектеп директору кызматтан четтейт. Тизмеси инфографикада


Ош шаарында билим сапаты эң төмөн делген он мектептин жетекчиси кызматтан алынат. Мындай тапшырманы бүгүн, 27-августта калаа башчы Таалайбек Сарыбашов мугалимдердин август кеңешмесинде милдеттендирди.

Реформалоо мектептердеги билим сапатын көтөрүүгө багытталган. Эми коюлган тапшырманын негизинде жаңы окуу жылына чейин  көрсөткүчү төмөн мектептердин директорлору алмашат.

«Биринчиден мектеп директорлору билимдүү болушу керек. Кадрдык өзгөрүүдөн баштайбыз. Сталин айткандай, кадр баарын чечет. Билимдүү мектеп директорлору келсе, анда бизде сөзсүз өзгөрүүлөр болот»,-деди Таалайбек Сарыбашов.

Азыр Ош шаардык билим берүү башкармалыгы  билим сапаты эң начар делген мектептерди тизмектеп чыкты. Ага ылайык, төмөнкү мектептердин башчылары кызматтан четтетилет.

Ош шаары билим сапаты боюнча артта калып жатканы айтылып жүрөт. Быйыл жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында Ош шаарынын үч гана бүтүрүүчүсү эң жогорку упай топтоп, алтын сертификатка ээ болгон. Калаада 55 мамлекеттик жана 21 жеке менчик мектеп бар. Жалпы окучуулардын саны 66518ди түзөт.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо