Ош: депутаттар чыккан токтомдор аткарылбай жатканын айтып нааразы (видео)

Ош шаардык кеңешинин чыгарган токтомдору аткарылбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта депутаттар кезектеги сессияда билдирип чыгышты.

Депутаттар белгилегендей, шаардык кеңеш кабыл алган токтомдордун көпчүлүгү эч кандай күчкө ээ болбой калды. Чыккан токтомдун негизинде мыйзамсыз курулушту токтотуу же коюлган тарифден наркты ашырбоо боюнча талаптар аткарылбай жатат.


Алдыда  шаардык кеңеш токтомдордун аткарылбай жаткандыгы боюнча Ош шаардык прокуратурасына кайрылат. Ал боюнча депутаттардын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алынды.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо