Оштогу СПИД борборунун имараты бала бакчага кайтарылабы?

Ош облустук СПИДге каршы күрөшү борборун жылдырып, имаратын бала бакчага айлантуу маселеси көтөрүлдү. Мындай сунушту Ош шаардык кеңешинин депутаттары 28-августта кезектеги жыйында демилгелеп чыгышты. 

Депутаттардын сунушуна ылайык, СПИД борбору Ош шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун ордуна жылдырылат. Шаардык СЭС болсо, облустук санэпидемиялык борбор менен бир имаратта иш алып барат.

«СПИД борборунун имараты медициналык багытта курулган эмес. 2 гектарды ээлеген облустук СЭСте орун кеңири. Шаардык СЭСти ал жакка көчүрсөк, облустук СПИД борбору ээлеп турган мурдагы бала бакчанын имараты кайтарылмак эле»,- деди шаардык кеңеш төрагасы Жапар Ормонов. 

Бала бакча салганга акча тартыш болуп жатканда мурдагы имараттарын кайтаруу туура чечим болоорун шаардык кеңеш депутаттары кошумчалашты.

Азыр Ош шаарында бакчага барбаган балдардын саны 7 миңден ашат. Бакчаларда орун жетишпей, бир керебетте экиден бала жатканга аргасыз.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо