Көзөмөлдөн четтеген мыйзам
Статистика боюнча Кыргызстанда ар үчүнчү бала тамеки тартат. Спирт ичимдиктерди өспүрүмдөрдүн 20%ы татып көрөт.
Кыргызстандын мыйзамдары өспүрүмдөргө тамеки жана алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салат. Чектөөнүн күчүнө киргенине 4 жылдан ашса да, ал толук кандуу иштебей келет. Мыйзамга ылайык, "18 жашка чейинкилерге спирт ичимдиги жана тамеки сатылбайт" деген эскертүү бардык соода түйүндөрүндө илинип, ал аткарылууга тийиш. Бирок иш жүзүндө эскертме бакыйып жазылып турганы менен өспүрүм ээн-эркин эле арак же тамеки сатып алып чыга алат.
Расмий эмес маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда спирт ичимдиктери жылына орточо эсеп менен 2500дөй декалитр (1 декалитр 10 литрге барабар) сатыкка чыгат. Жүгүртүүгө коюлган алкоголдук ичимдиктердин 15-20%ын жашы жете электер сатып алат.
Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдиришинче, акыркы жылдары Кыргызстанда алкоголизм менен чылымга эрте аралашкандар акырындык менен көбөйүүдө. Изилдөөлөр боюнча 14 жаштан жогоркулардын 20-30%ы спирт ичимдиктерин ичип, тамеки тарта баштайт.
Наркологдордун билдиришинче, өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү тамекинин "Winston", 20% "LFM", "LD" сортторун чегишет. Анткени алар арзан жана жергиликтүү дүкөндөрдө кеңири сатылат. «Жашы жете элек өспүрүмдөргө тамеки сатууга тыюу салынган мыйзам бар экендигине карабастан майда дүкөндөрдө жашын эч ким сурап деле койбойт.
Азырынча Ошто спирт ичимдиги менен тамекиге көз каранды болгон өспүрүмдөр каттала элек. Деген менен организмдери акырындык менен көнүшүп, адатка айландыра баштагандар бар.
ЭКСПЕРИМЕНТ
Ош шаарында алкоголдук продукциялар чакан дүкөндөрдө эле эмес, орто жана ири соода борборлорунда деле кеңири сатылат. Муну жүргүзгөн экспериментибиз тастыктайт.
Эксперимент Ош шаарынын төрт тарабындагы 15 чакты соода түйүндө жүргүзүлдү. 16 жаштагы бала кааласа тамеки же аракты кеңири эле сатып алып жатты. Толук ишенимдүү бололу деп дүкөндөрдүн бирин эки күн байкаштырдык. Биринчи күнү арак саттырып алсак, эртеси ошол эле дүкөндөн тамеки алдырдык. Эч биринде тоскоолдук болгон жок.
Эч бир сатуучу жашымды сураган жок. Баарында эле акчамы сунуп, айткан тамекини алып жаттым. Сыра менен аракты деле кимге алып жатасың деп сурашкан жок. Түз эле спирт ичимдиктери жайгашкан катардан тандаганымды алып чыксам да эч ким көңүл буруп коюшпады ,- деди Айбек. (аты өзгөртүлдү)
Сатуучулардын шылтоолору даяр. Бири окуучу баланы студентке окшото калса, экинчиси атасына алды деп жоопкерчиликтен качат. Бирок эч бири сатаарда кимге алып жатканын сураган эмес болчу.
Биз негизи жашы жете электерге тамеки же алкогол ичимдиктерин сатпайбыз. Атасына алды окшойт деп ойлодук. Себеби бул жактагылар көбүнчө балдарын жөнөтүшөт. Эгер өзүнө алып жатканын билсем сатпайт элем.

Көпчүлүгү 18ге чыккан деп шылттоологонунан экспериментти 5-класстагы бала менен уланттык. Ал деле кайсы дүкөнгө кирбесин сураганын алып жатты. Сатуучулар кимге, эмнеге дегендин ордуна канча сомдук керек деп эле сата беришти.

сатуучу
Эми жүргүзгөн экспериментибиздеги мыйзамсыз жагдайларга токтололу. Социалдык иликтөөбүздүн кылтагына илингендер каршылык көрсөтүп, биз менен жаңжалдашканга чейин барышты.
Корутунду

Эксперименттин жыйынтыгынан аталган мыйзам Ош шаарында иштебей турганын көрүүгө болот. Тыюу салынат деген эскертүү мыйзамдын жоболоруна ылайык гана жазылган же болбосо текшерүүчүлөр үчүн гана илингендей. Демек, чылым чегүүнү каалаган бала эч кандай тоскоолдугу жок эле тамеки сатып ала алат.
Мыйзам боюнча:
Мыйзам боюнча талапты аткарбагандар айып пулга жыгылыш керек эле. Бирок Ошто акыркы үч жылдан бери эч бир дүкөн акчалай жазанага тартылган эмес
Мурат Боронов, Ош ШИИБнин жетекчиси
Мыйзам Ош шаарында кадыресе бузулуп жатканын милиция өзү дагы моюнга алат.
Замир Сыдыков Ош ШИИБнын басма сөз катчысы
-Бул багытта кемчиликтер кетип жатканына күбө болуп жатабыз. Ал кемчиликтерди жоюу үчүн милиция кызматкерлерине укуктук жактан түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, милдеттерди жүктөп келатабыз. Мен ойлойм бул багытта аткарыла турган иштер арбын. Мыйзамдын аткарылышында бир топ көйгөйлөр да бар. Көпчүлүк сатуучулар атасы жөнөткөн, мен ал баланы тааныйм, силер аша чаап жатасыңар деп милиция кызматкерлеринин үстүнөн көзөмөлдөөчү органдарга арыз жазып, милицияны жоопко тартуу аракетин көргөн бир нече фактылар болду.
Азыркы учурда өнүккөн өлкөлөрдө чылым чегүү менен күрөшүү, тамеки өндүрүү, сатуу жана колдонууга бөгөт коюу иш-чаралары мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлөт. Финляндия мамлекетинде "Финляндия – тамекиден эркин" программасы иштелип чыккан. Анын алкагында 2030-жылы бул мамлекетте тамекиден толук баш тартуу максаты коюлган.