Ош милициясы: маршруттун оодарылышына айдоочу өзү күнөөлү

Ош шаарынын А. Навои көчөсүндөгү көпүрөдөн маршруттун аңтарылышы боюнча териштирүүнүн алгачкы жыйынтыгы чыкты.  Милициянын корутундусуна ылайык, кырсыкка маршрут айдоочусунун шалаакылыгы себеп болгон.

Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.  Айтымында, 102 каттамдын айдоочусу рулду башкара албай калган. Алгач сол тарабындагы «Хонда-Жаз» автоунаасын сүзүп, андан ары көпүрөдөн оодарылып кеткен. Экспертизанын жыйынтыгында айдоочу мас  эместиги аныкталган.

Эскерте кетсек, бүгүн саат 12:00дор чамасында А. Навои көчөсүндөгү көпүрөдөн маршрут оодарылып кеткен.  Кырсыктан 6 адам жаракат алып, бирөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо