Кара-Кулжада тоют менен кошо сарай чатыры өрттөндү

Кара-Кулжа районунун Жаңы-Талап айылында сарайдын 120 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Андан сырткары, 2 тонна чөп жана 500 боо жүгөрү өрттөнгөн. 

Бул тууралуу өзгөчкө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Анда маалымдалгандай, өрт 4-августта 19:30дар чамасында катталып, саат 21:20да толук өчүрүлгөн.

ӨКМдин билдиришинче, азырынча өрттүн эмнеден келип чыкканы аныктала элек. Учурда себептери менен келтирилген чыгым такталып жатат.

Эскерте кетсек, буга чейин ӨКМ күз-кыш мезгилине карата жарандарды өрттү алдын алууга чакырган. Министрликтин коопсуздук эрежелери боюнча эскертүүсү менен бул жактан таанышыңыз.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо