Араванда май заводдон өрт чыкты. Келтирилген чыгым 10 миң доллар (фото) - Т-медиа

Араванда май заводдон өрт чыкты. Келтирилген чыгым 10 миң доллар (фото)

Аравандын Алля Анаров айыл өкмөтүндө май чыгаруучу заводдон өрт чыкты. Өрттүн кесепетинен 2 тонна май күйүп, цех 10 миң доллар чыгымга учураган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн кабарлагандай, окуя 7-сентябрга караган түнү катталган. Өрт кырсыгынан имараттын 200 чарчы метри  күйүп кетти.

ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча, өрт электр тогунан чыккан. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат.

Аталган цех 10 жылдан бери пахта майын чыгарып келген. Аны жеке ишкерлер иштетет.

 

?

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо