Эртең Ошто электр жарыгы өчөт



11-сентябрда Ош шаарынын айрым аймактарында 09:00дон 17:00го свет болбойт. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

8 сааттык өчүрүү 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине энергетика объектилерин даярдоо иштерине байланыштуу болуп жатат. Электр энергиясын берүү эртең  төмөнкү даректерде убактылуу  токтотулат.

№9 Амир-Тимур аймактык кеңешинин 101, 102, 108, 113, 114,115, 116, 151, 153, 154, 166, 182, 198, 200 жана Абдусатаров, Осмонбеков, Орозбаев, Шолохов, Папан көчөлөрүндө, 217-кварталдын аймагында, Кыргызстандын 60 жылдыгы, Алга, “Братья Весенних”, Узбекистандын 60 жылдыгы, Мельников, Голосов, Куцемилов, Ладовский атындагы көчөлөрүндө свет болбойт.

Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Кеңеш айылында жана Озгур айылынын Кулматов көчөсүндө электр энергия берүү токтотулат.

№5 “Керме-Тоо” аймактык кеңешине караштуу Бекбалаев көчөсүндө, Кулатов №13-14, Күкүмбий №74, 92, 96, 98, 100-үйлөрүндө жана Бирлешкен, Кыргызстан айылдарында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо