Ош милициясы: прокурор орун басарынын өлүмү териштирилүүдө


Ош облустук прокурорунун орун басары Төрө Кожошовдун өлумү боюнча милиция териштирүүнү баштады. Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурпери Абдуллаева билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, Кожошовдун өлүмү боюнча Ош облустук жана Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгынан атайын топ иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала териштирүүнүн жыйынтыгында, прокурордун орун басары өзүн асып алган деп божомолдонуп жатат.

Эске салсак, Ош облустук прокурорунун орун басары Төрө Кожошовдун жансыз денеси бүгүн таңда өз үйүнөн табылган. Жакындары анын сөөгүн соттук медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан.

Төрө Кожошов 54 жашта болгон. Артында 5 уул, 1 кызы калды. Анын сөөгү 11-сентябрда Кара-Суу районунун Таш-Арык айылында атасынын үйүнөн акыркы сапарга узатылат.

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо