Оштон Ташкентке чуркап барган жөө күлүктөр кайтып келишти. Фото



Ош-Ташкент багыты боюнча чуркоо акциясы жыйынтыкталды. Өзбекстандын борборуна 12 күндө чуркап жетип барган үч кыргызстандык 10-сентябрда кайра кайтып келишти. 

27-августта «Достук» чек ара бекетинен жөнөп кеткен марафончулар Ташкент шаарына 9-сентябрда жетип барышкан. Келатканда буга чейин пландашкандай эле автобус менен кайтышты.

Катышуучулардын эң кичүүсү Курсанбек Сыдыков 48де болсо, калган экөө ардагер. Зулумбек Хабибуллаев 70ге таяп калса, Сатвалды Хусанов 74кө кирген. Алар  Ош – Ташкент аралыгындагы 540 чакырымды толук жөө басып өтүшкөн жок. 200 чакырымы ашууларга туш келип, автоунаа менен жүрүүгө туура келген.

« Эч кимибиз жолдон кыйналган жокпуз. Демилгелеп алып барган 74 жаштагы Сатвалды Хусанов агабыздын да ден соолугу туруштук берди. Мен да 70ке чыгып калсам деле тетик эле чуркап барып келдим. Өзбекстандын эли бизди аябай жакшы кабыл алды. Айрыкча бизди Өзбекстандын спорт министринин өзү тосуп алганы өзгөчө таасирлентти»,- деди Курсанбек Сыдыков.

Жөө күлүктөрдүн үчөө тең буга чейин Бишкек-Ош багыты боюнча марафондорго катышкан. Марафончуларды Өзбекстандын күч түзүмдөрү менен бирге дарыгерлер коштоп барган.

Кыргызстан мененӨзбекстандын ымаласын бекемдөөгө багытталган «Достук» марафону Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо