Оштогу этникалык кыргыздар жарандык алышты



Ош облусундагы этникалык кыргыздар жарандык алышты. Көпчүлүгү Өзбекстан жана Тажикстандан келип облуста кайрылмандын негизинде жашашчу.

Президенттин быйыл июлдагы жарлыгына ылайык, өлкөдөгү 3000 адам КРнын жарандыгын алган. Анын 14үнө Кыргызстандын паспорту бүгүн Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүндө тапшырылды.

Мен Тажистандын Мургаб районунан келгемин. Алты жылдан бери Кыргызстанда жашайм. Документтерди тапшырганыбызга бир жылдан ашты. Азыр жарандык алып, кубанып турабыз. Кыргызстанда биз үчүн келечек бар. Эми ушул жакта иштейм»,- деди Айтбай Жээнбеков.

Кыргызстандын паспортун бүгүн алган этникалык кыргыздардын алды Ош облусунда 15 жылдан бери жашап келишкен. Алар эл аралык миграция жана аралаш никелерге байланыштуу жарандыгы жок болуп калган.

Өлкө боюнча 2014-2016-жылдары жарандыгы жок 13 миңден ашуун кайрылман  катталып, алардын 90 пайызы Кыргызстандын жарандыгын алган. Аларга Ооганстандык качкындар жана Өзбекстан, Тажистандан келген адамдар кирет.

«Кыргызстанда 341 адам документ ала элек. Ар бир адамдын докментин карап көзөмөдөп турабыз. Көчүлүгү процедурга тапшырган. Биз азыр кутүп жатабыз. Жарандык мыйзам боюнча алты айда берилет. Бул жөнөкөй процедура эмес мамлекеттик кызматтар текшерип чыгат. Бул жарандык ала элек адамдар булар документтин кеч тапшыргандар»,- деди Азизбек Ашуров.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда чет жактан кайтып келген 40 миңге жакын этникалык кыргыздарга жарандык берилген.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо