Медициналык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт



1-октябрдан тарта Кыргызстанда медициналык кызматкердин маяналары жогорулайт. Бул туурасында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Карамык жана Жекенди айылдарындагы эки оорукананын ачылыш салтанатында билдирди.

Өкмөт башчынын сөзүнө караганда, үй-бүлөлүк дарыгерлердин, жалпы практикалык врачтардын, үй-бүлөлүк медайымдардын жана фельдшердик-акушердик пункттардын орто медициналык кызматерлеринин айлык акысы көтөрүлөт.

Кыргызстанда медициналык кызматкерлерге аз айлык каралган. Мамлекеттик ооруканаларда иштеген врачтардын маянасы он миң сомго жетпейт. Ал эми мээрбан айымдардын айлыгы 2 миң сомдон башталып, 5-6 миң сомго араң жетет.

Өлкөдө мамлекеттик медицина кызматкерлеринин айлык маянасынын аздыгы жыл санап бул тармакта иштегендердин саны кыскаруусуна алып келүүдө. Өткөн жылдын эсебинен өлкөдөн миңден ашуун ар кандай адистеги врач, үч миңге жакын мээрбан айым чет өлкөгө  маяналуу иш издеп кеткен.

 



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо