Ошто жаран кошунасын атып салды


Окуя Ош шаарынын Юго-Восток кичи районунда катталган. Күбөлөрдүн билдиришинче, эки кошуна чырдаша кетип, бири үйүнөн курал алып чыгып, ок атып жиберген. Жабырлануучу колунан жараат алган. Азыр абалы жакшы.

Маалыматка ылайык, чырдашкан эки кошуна Кулматов көчөсүндө жашаган. Ошол күнкү чыр бирөөсүнүн үйүнөн электр чубалгысы  тартылганынан улам чыккан деп айтылып жатат.

8-сентябрдагы окуя боюнча жабырлануучу милицияга арыз жазган эмес. Бул боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы комментарий бере элек.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо