Өрттүн көбөйүшү өкмөттүн көңүлүн бурду



Бир апталык мөөнөттө базар жана коомдук жайларда өрткө каршы талаптардын сакталышы текшерилет. Мындай тапшырманы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу кеңешмеде милдеттендирди. 

Өкмөт башчы өрт коопсуздугун сактоо көзөмөлүн күчөтүүнү талап кылып, тийиштүү мамлекеттик органдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте соода түйүндөрүнүн, оюн-зоок жайларынын аймактарында, коомдук тамактануу жана эл көп чогулган жерлерде өрткө каршы коопсуздук ченемдерин сактоону бир жума ичинде тыкыр текшерип чыгууну тапшырды.

«Акыркы кезде ири соода түйүндөрүндө, коомдук тамактануу жайларында жана тейлөө объектилеринде өрт чыгуу фактылары көп катталып жатат. «Арзу» кафесиндеги, «Мадина» базарындагы, Каракол шаарынын борбордук базарындагы жана «Супара» этно-комплексиндеги өрт чыгуу фактысы алардын ээлерине оор чыгымдарды алып келип, коомчулукта түрдүүчө суроолорду жаратууда»,-деди Абылгазиев.

Абылгазиев белгилегендей, компетенттүү мамлекеттик органдар бардык өрт фактылары боюнча өрттүн чыгуу себептерин кеңири изилдөө менен деталдуу иликтөөлөрдү жүргүзүүгө тийиш.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо