Эми Ошто кир жуучу машиналар чыгарыла баштайт. Фото - Т-медиа

Эми Ошто кир жуучу машиналар чыгарыла баштайт. Фото

Ошто Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешкен ишканасы ачылды. Өндүрүштүк ишкана кир жуучу жарым автомат машиналарды чыгарат. 

Завод Өзбекстандын «Артел» компаниясынын кошмо ишканасы катары ишке кирди. Сырьё ал жактан алынып, бул жакта кир машина тетиктери топтоштурулат.

Эки өлкөнүн биргелешкен ишканасы жылына 60 миң кир жуучу машина чыгарат. Күнүнө 600 миңден 800 миңге чейин продукция өндүрүүгө кубаттуулугу жетиштүү.

Чыгарылган кир жуучу машина Кыргызстандын бүт базарларын камтыйт. Келечекте ЕАЭБге экспорттоо жагы пландалган.

Кир машина чыгарчу завод жаңы технологияларга негизделип курулган. Ишке киргизгенге 2 ай убакыт кетип, адистер даярдалган.

«Кир жуучу машина чыгаруучу линияны бүгүн ишке түшүрдүк. Азырынча күнүнө 150-200гө чейин продукция чыгарабыз. Биздин кир машиналарыбызга Кыргызстанда суроо-талап жогору. Чыгарган машиналардын сапаты талапка жооп берет»,- деди башкы технолог Пазилжон Мирбабаев.

Биргелешкен ишкананын шарттарына ылайык, жумушчулардын баары жергиликтүүлөрдөн болгон. Азыр 60 адам иш менен камсыз болсо, келечекте 150гө жакыны иштеп калышат.

«Кир машина чыгарчу ишканын ачылганына кубанып отурабыз. Бизге окшоп ишсиз жүргөндөргө жакшы болду. Ишибиз жеңил, айлыгыбыз жакшы»,-деди жумушчу Барчынай Ботобаева.

Завод келечекте кеңейтилип, үй тиричилик техникаларынын башка түрлөрү да иштелип чыгат. Муздаткыч, телевизор, чаң соргуч жана үтүктөрдү өндүрүү пландалып жатат.

«Биргелешкен ишканалардын ачылышы эки өлкөнүн карым-катнашын бекемдейт. Жакында «Артел school» деген коллеж ачылат. Анда техникалык билим берилип, өз тармагындагы кадрларды даярдап чыгат«,- деди вице-премьер-министр Замирбек Аскаров.

Кир машина чыгаруучу завод Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешкен экинчи ишканасы болуп эсептелет. Буга чейин «Имзо» компаниясы плдастик айнек-терезелерди иштеп чыгууну жолго койгон эле.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо