Жаңы акыйкатчы шайланды


Жогорку Кеңеш Токон Мамытовду өлкөнүн акыйкатчылыгына шайлады. Анын талапкерлигин жыйынга катышкан 115 депутаттын 79у колдоп берди.

Добуш жыйынтыгы чыгарылган соң Токон Мамытов Жогорку Кеңеш алдында адам укуктарын коргоого ант берип, ишине киришти.

Акыйкатчылыкка КСДП фракциясы генерал Токон Мамытовдун талапкерлигин алып чыккан. “Бир Бол” үч талапкерди – Маматурайим Момуновду, укук коргоочу Рита Карасартованы, башкы прокурордун мурдагы биринчи орун басары Рыскул Бактыбаевди көрсөткөн эле. “Ата Мекен” фракциясы юридикалык илимдердин доктору Канатбек Азизди сунуштаган.

«Бир Бол» фракциясы тарабынан көрсөтүлгөн Маматурайым Момунов өз талапкерлигин алып салды. Бул чечимин акыйкатчылыкка татыктуу башка тажрыйбалуу талапкерлер бар экендиги менен түшүндүргөн.

Эскерте кетсек, мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев 26-июнда өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

 



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо