Өзгөндө автокырсыктан каза болгон аялдын өздүгү такталды - Т-медиа

Өзгөндө автокырсыктан каза болгон аялдын өздүгү такталды

Өзгөндүн Куршабында автокырсыктан каза тапкан аял Кара-Суу районунун тургуну болуп чыкты. 46 жаштагы А. Ы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн Кара-Дөбө айылынан болгон. 

Ош облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздөө бөлүмүнөн «Т-Медиага» билдиришкендей, маркумдун сөөгүн жакындары Өзгөн шаарынын өлүкканасынан алып кетишти.

«Аялдын сөөгү окуя катталган 1-октябрдын түнүндө Өзгөн шаарынын өлүкканасына жеткирилген болчу. Тек-жайы такталып, маркумдун сөөгүн туугандарына өткөрүп бердик»,-деди маалымат катчы Алтынбек Теңизбаев.

Эскерте кетсек, 1-октябрда саат 22:00дөр чамасында Бишкек — Ош жолунун 632-чакырымында белгисиз автоунаа 40-45 жаштар чамасында аялды койдуруп кетип из жашырган. Ошол эле күнү кырсыкка шектелип  «Toyota Harrier» үлгүсүндөгү автоунаанын ээси кармалган.

Учурда Өзгөндүн 47 жаштагы тургунунун баш коргоо чарасын  райондук сот анын карап жатат. Кырсык боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгы ишти териштирүүдө.

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо