Ошто төрт батирлүү үй өрттөндү (фото)


Оштун Алымбеков көчөсүндө жайгашкан төрт батирлүү барак тибиндеги үй өрттөндү. Бул тууралуу «Т-Медиага» өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Мая Шаимкулова билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн эрте менен саат 05:40 чамасында катталган. Батирлердин биринен чыккан өрт барак тибиндеги үйдүн баарын жалмап, жарым-жартылай күйүп кеткен.

«Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм тартылган. Өрт саат 06:17де чектөөгө алынып, 08:05те толук өчүрүлгөн»,- деди Мая Шаимкулова.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген чыгымдар такталып жатат. Өрттөн жабыркагандар жок.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо