Үшүк уланат. 12-октябрга чейин күтүлгөн аба ырайы


10-октябрга чейин күтүлүп жаткан үшүк дагы эки күнгө уланат. Кыргыз гидромет 11-12-октябрь күндөрү үшүк жүрүшү күтүлүп жатканын эскертет. 

Гидрометтин маалыматына караганда, алдыдагы эки күндө Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериңде абанын температурасы 0…-2°, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда а -1…-3° төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштер үчүн коркунучтуу.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, карга айланат.

 



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо