Контрабандалык жүктөрдөн атайын эсепке 4 млндон ашык каражат которулду


“Кызыл-Бел-автожолу” көзөмөл өткөрүү жайынан эки жүк ташуучу автоунаа таштанды менен кармалды. Унааларга керектөөчү товарлар эмес, тигүү продукцияларынын калдыктары жүктөлгөнү аныкталган. Бул тууралуу улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети кабарлады

Маалыматка ылайык, кармалган жүк ташуучу автоунаалар КМШ өлкөлөрүнөн Кыргызстан аркылуу транзит менен Тажикистанга бара жаткан.

Автоунаалардагы жүктүн жалпы баасы 16 млн 173 миң 104 сомго барабар болмок. «Баткен» бажысынын эсептөөлөрү боюнча бул төлөмдөрдүн эсебинен бажы алымы (пошлинасы) 7 млн 971 миң 696 сомду түзмөк.

Учурда бул факт боюнча 2 кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат

Кылмыш ишин тергөөнүн алкагында каржы министирлигинин депозиттик эсебине 4 млн 158 миң. 610 сом сом өлчөмүндөгү акча каражат которулду.

УКМК коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы депозиттик эсептин ачылганынан бери 153 млн 651 тыс. 940 сомду түзгөң.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо