Эрлан Абдылдаев кызматтан кетти



Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, Абдылдаевдин арызын президент Сооронбай Жээнбеков да кабыл алган.

ТИМди алты жылдан бери жетектеп келген Абдылдаев кызматкерлерине жана ага ишенип, колдогондордун бардыгына ыраазычылыгын билдирген.

 



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо