Кылычбек Султан азыркы бийликти таануудан баш тартты


Кыргызстандын Корея Республикасындагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигинен баш тартты. Муну ал Фейсбук баракчасына бүгүн жарыялады.

Кылычбек Султан өз сөзүндө, өлкөнүн азыркы бийлигинен баш тартып, чет өлкөдөн саясий башпаанек сурап кайрылганын айтты.

Бир аз мурдараак Кылычбек Султан Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчилик кызматынан бошотулганы кабарланган эле. Жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-октябрда кол койгон.

Эске салсак, Түштүк Кореядагы мурдагы элчи Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги жана дипломатиялык паспортторду колдонуудагы мыйзам бузулган учурлар тууралуу билдирүү тараткан. Анын айткандарын өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырган эле.

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо