Оштун тамекиси Европага экспорттолууда - Т-медиа

Оштун тамекиси Европага экспорттолууда

Ош облусунан Европа өлкөлөрүнө тамеки сатыкка чыгарылып жатат. Быйылкы жылдын эсебинен Венгрия мамлекетине 35 тонна тамеки жөнөтүлгөн. 

Облус жетекчилиги «Т-Медиага» кабарлагандай, сыртка экспорт көлөмү барган сайын көбөйүүдө. Азыр  дүйнөнүн төрт мамлекетине облуста өндүрүлгөн тамеки экспорттолуп жатат.

«Ушул жылдын башынан бери жалпы 500 тоннадай тазалганган тамеки эскпортторду. Анын Орусияга 94 тонна, Болгарияга 363 тонна, Венгрияга 35 тонна, Грецияга 192 тонна жиберилди»,- деди өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүгүнүн аймактык бөлүм башчысы Райымберди Мөнөкбаев.

Азыр облуста тамекини жыйноо иштери аяктады. Алдыда жыйналган түшүм жогорудагы төрт өлкөгө жөнөтүлөөрун облус жетекчилери билдирүүдө.

Быйыл Ош облусунда 505 гектар аянтка тамеки айдалган. Андан болжолдуу 1400 тоннадай түшүм жыйналат.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо