Катар мамлекети Доха-Ош-Бишкек аба каттамын ачат - Т-медиа

Катар мамлекети Доха-Ош-Бишкек аба каттамын ачат

Катар мамлекети Доха – Ош – Бишкек аба каттамын ачканы жатат. Кыргызстан менен Катар өкмөттөрүнүн аба каттамдары жөнүндө макулдашуусун ратификациялоону парламент комитети экинчи окууда жактырды.

Жогорку Кеӊештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде белгилүү болгондой, бир катар арап өлкөлөрү, анын ичинде Катар мамлекетинин Доха – Ош – Бишкек аба каттамын ачууга кызыкдар.

Макулдашууну ратификациялоо аркылуу Кыргызстан менен Катардын ортосундагы эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүдө шарттарды түзүүгө жана эки мамлекеттин ортосунда түз аба катнашына мүмкүнчүлүк берет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 19 учак катталып, анын 17си жеке жактарга, ал эми 2 учак мамлекетке таандык. Өткөн жылы Кыргызстанда учак аркылуу 3 млн жүргүнчү тейленген, анын 1 миллиондон ашууну ички каттамдагы жүргүнчүлөр болуп саналат.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо